Эрдоган Радев менен сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Болгария карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

1806921
Эрдоган Радев менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Болгариянын президенти Румен Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Болгария карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Румен Радевди экинчи жолу алган президенттик милдеттен улам дагы бир жолу куттуктоосун айтты.

Эрдоган дос жана шериктеш Болгария менен болгон терең тамырлуу карым-катнаштарды ар тармакта, өзгөчө транспорт, соода жана коргонуу өнөр жайында мындан ары да улантуу үчүн чечкиндүүлүк менен иш-аракет кылгандарын белгиледи.

Президент Эрдоган менен Болгариянын президенти Радев да Орусия-Украина согушу жана анын аймактык кесепеттери тууралуу пикирлерин айтышты.



Тектеш кабарлар