Чавушоглу:«Греция менен диалог каналдары бүгүнкү күндө мурункуга караганда ачык деп айта алабыз»

Мевлүт Чавушоглу Критер журналында Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фондунун (SETA) башкы координатору Бурханеттин Дурандын суроолоруна жооп берди.

1806682
Чавушоглу:«Греция менен диалог каналдары бүгүнкү күндө мурункуга караганда ачык деп айта алабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Греция менен диалог каналдары бүгүнкү күндө мурункуга караганда дагы ачык деп айта алабыз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Критер журналында Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фондунун (SETA) башкы координатору Бурханеттин Дурандын суроолоруна жооп берди.

Кипр маселеси боюнча бир суроого жооп берген Чавушоглу, сүйлөшүүлөр жылдардан бери федерация негизинде жүргүзүлүп келгенин, бирок рум тарап түрк тарапты саясий тең укуктуу мамлекет катары кабыл албагандыктан бул сүйлөшүүлөр кыйрап калганын айтты.

Бардык маектештерине аралдагы чындыктарга көңүл бурушубуз керек деген билдирүүнү бергендерин айткан Чавушоглу:«Кипрлик түрктөргө таңууланган кош стандарттардан баш тартышы керек деп жатабыз. Жердеги чындыктарга дал келген эки мамлекеттүү чечим сунушу, өзгөргөн шарттардын алкагында маектештерибиз тарабынан дагы кылдат каралат деп ишенебиз”,-деп өз баасын берди.

«Греция менен диалог каналдары бүгүн мурункуга караганда ачык деп айта алабыз»,-деген Мевлүт Чавушоглу Türkiyeнин көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн чын ыкластуу диалогду жактаганын айтты.

Экономикалык жана соода карым-катнаштарында позитивдүү күн тартибин мындан ары да улантуу үчүн иштеп жаткандарын белгилеген Тышкы иштер министри: «Экономикадагы кызматташтыкка багытталган позитивдүү күн тартиби 2021-жылы эки тараптуу соодага оң таасирин көрсөтө баштады жана 2020-жылга салыштырмалуу 70 пайызга өсүү менен 5,2 миллиард долларга жетти. Бул позитивдүү күн тартиби биздин Греция менен эки тараптуу маселелерди чын ыкластан талкуулай турган чөйрөнү түзөт деп үмүттөнөбүз. Биз ошого жараша өзүбүздүн милдетибизди аткарып жатабыз. Грециядан дагы ушул процессте ушундай эле чынчылдыкты жана бирдей саясий эркти көрсөтүүсүн күтүүдөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар