Украинадагы түрк учактары

Эки түрк учагынын коопсуздугу жана эвакуацияланышы темасында Орусия жана Украина менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

1805685
Украинадагы түрк учактары

Улуттук Коргоо министрлиги, Украинанын борбор шаары Киевдеги Бориспол аэропортунда күткөн Türkiyeге таандык эки А400М учагынын коопсуздугу жана эвакуацияланышы темасында Орусия жана Украина менен сүйлөшүүлөрдүн уланганын билдирди.

Улуттук Коргоо министрлигинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан, аймактын жана дүйнөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган окуяларга жакындан байкоо салынып жатканы белгиленип: «Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө карата эл аралык мыйзамга каршы келген бул кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырыгыбызды кайталайбыз, адамдардын өлүмүнө жол бербөө, тынчтык жана туруктуулуктун камсыздалышы үчүн ок атышпоо жарыялоонун маанилүү экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-деп айтылды.

Гуманитардык жардам жана түрк жарандарын эвакуациялоо үчүн Украинага жөнөтүлгөн эки A400M транспорттук учагынын окуялардан улам мунаралар жана аба мейкиндиги жабылган Бориспол аэропортунда эвакуацияны күтүп жатканын эске салынып: «Биз Орусия жана Украина менен учактардын коопсуздугу жана эвакуацияланышы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар