Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын шейшемби күнү Стамбулда өткөргөн жыйыны талкууланды.

1805856
Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын шейшемби күнү Стамбулда өткөргөн жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Стамбулдагы орус-украин делегацияларынын оң жана конструктивдүү жолугушуусу тынчтыкка болгон үмүттөрдү арттырганын белгиледи.

Тараптардын акыл-эстүүлүк менен иш алып баруусу жана диалогду улантуусунун маанилүү экенин айткан президент Эрдоган, Орусиянын президенти Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жолуктуруп, тынчтык аракеттерин даңазалоону каалагандарын айтты.

Орусиянын президенти Путин да Стамбулда Орусия-Украина сүйлөшүүчү делегацияларынын жыйынына кожоюндук кылгандыгы үчүн президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар