Эрдоган: «Лидерлер саммитин Стамбулда өткөрө алабыз»

Эрдоган Стамбулда күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1805715
Эрдоган: «Лидерлер саммитин Стамбулда өткөрө алабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Буюрса бул терс тенденцияны эки лидер (Украина президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин) менен оң абалга айландыруу чечимин кабыл ала алсак абдан кубанабыз»,- деди.

Эрдоган Стамбулда күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

«Өзгөчө Крым жана Донбаста кадам ташталышы үчүн лидерлер менен сүйлөштүк жана бул маселеге кожоюндук кыла аларыбызды айттык»,- деген президент: "Урматтуу (Украинанын президенти Владимир) Зеленскийдин көз карашы оң. Путиндин (Орусия президенти Владимир) мамилеси да оң. Датаны алар аныктайт. Биз Türkiye катары Стамбулубузда ушундай лидерлер саммитин өткөрүп, бул терс тенденцияны эки лидер менен оң абалга айландыруу чечимин ишке ашыра алсак абдан кубанабыз",-деп айтты

Президент Эрдоган, Кара деңизде калкып жүргөн миналар тууралуу да: "Азырынча эч кандай маселе жок, бирок биз сактыгыбызды улантабыз",-деди.



Тектеш кабарлар