Чавушоглу Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы кризисти бүтүрүү үчүн дипломатиялык аракеттерин үзгүлтүксүз улантууда.

1803054
Чавушоглу Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы кризисти бүтүрүү үчүн дипломатиялык аракеттерин үзгүлтүксүз улантууда.

Согуш уланып жатканда сүйлөшүү үчүн тынчтык үстөлү бул жолу Стамбулда түзүлөт.

Бул окуялар уланып жатканда министр Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы абал жана Орусия менен Украина делегацияларынын Стамбулда боло турган сүйлөшүүлөрү талкууланды»,-деп маалымдалды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул жасап, эки тарап андан соң бир канча жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушкан.



Тектеш кабарлар