Түркия Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

25 - март күнү Сауд Арабияда жарандык буталарга карата кол салуу болду.

1802193
Түркия Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабияда жарандарга карата жасалган ракеталык кол салууну айыптады. Министрликтен берилген маалыматта буларга орун берилди : «25 -  март күнү Сауд Арабиядагы жарандык буталарга карата учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен жасалган кол салууларды айыптайбыз. Аймактарыбыздын тынчтык жана туруктуулугун бутага алган мындай террордук кыймылдар эртерээк акырына чыгышы керек. Ушунун алкагында Сауд Арабия менен тилектештигибизди жана Булуң аймагынын коопсуздугуна болгон берилгендигибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз».



Тектеш кабарлар