Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын  билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы фронтогу акыркы абал жана сүйлөшүүлөрдө келип жеткен баскыч каралды.

1802165
Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын  билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы фронтогу акыркы абал жана сүйлөшүүлөрдө келип жеткен баскыч каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө НАТОнун Лидерлер саммитинде Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдогонун дагы бир жолу баса белгилегенин, эки тараптуу жолугушууларында да Түркиянын активдүү жана принципиалдуу саясатын, жумшап жаткан эффективдүү дипломатиялык аракеттерин лидерлер менен кеңири бөлүшкөнүн айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын бул процессте колунан келген жардамын ишке ашырганын айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар