Рютте Түркияда

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келди.

1800058
Рютте Түркияда

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келди.  

Рютте борбор шаар Анкарада алгач делегациясы менен Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн мүрзөсү жайгашкан Аныткабирди зыярат кылды.

Андан кийин Президенттик комплекске барган Нидерландиянын  премьер - министри президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Эрдоган менен Рютте бетме - бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сапардын алкагында Түркия-Нидерландия карым-катнаштары бардык жагынан каралып, кызматташтыктын мындан ары да өнүктүрүлүшү  үчүн таштала турган кадамдарга баа берилет.

Жолугушууларда  актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер, айрыкча Украина, эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашуулардын болушу  пландалууда.



Тектеш кабарлар