ДССУдан Түркияга сыйлык

Министр Кожа Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ДССУнун кызматташтыгы менен Стамбулда өткөрүлгөн жыйындын алкагында Клуге менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

1797636
ДССУдан Түркияга сыйлык

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожага Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүүдөгү ийгилигинен улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык директору доктор Ханс Клуге тарабынан сыйлык тапшырылды.

Министр Кожа Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ДССУнун кызматташтыгы менен Стамбулда өткөрүлгөн жыйындын алкагында Клуге менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Кожа жолугушууга байланыштуу Твиттердеги баракчасынан: «ДССУнун аймактык директорлору менен миграциянын саламаттык сактоо тармагына тийгизген таасирлерин азайтуу маселеси талкууланган Европа аймагынын Миграция жана саламаттыкты сактоо жыйынында Түркиянын пандемияга каршы ийгиликтүү күрөшү үчүн Европа директору доктор Клуге тарабынан берилген сыйлыкты саламаттыкты сактоо жамаатынын атынан алдык»,-деди. 



Тектеш кабарлар