Түрк аба жолдору THY 4 өлкөгө каттамдарын токтотту
Бул тууралуу THY соцтармактан маалымат берди.
1796408
Түрк аба жолдору THY 10 - апрелге чейин Украина, Молдова, Ростов жана Сочиге, 31 - мартка чейин Беларуска каттамдарын токтотконун жарыялады.
THYнин соцтармактан берилген маалыматында төмөнкүлөр белгиленди:
"2022 - жылдын 10 - апрелине чейин Украина, Молдова, Ростов, Сочи каттамдарыбыз токтотулду. 2022 - жылдын 31 - мартына чейин Беларусь кататмдарыбыз токтотулду. Бул тууралуу өзгөртүү жана тапшыруу иштерин агенттиктерден, web сайтыбыздан же 850 333 0 849 номердеги чакыруу борборунан аткара аласыздар".