Фахреттин Алтун Россия - Украина кризисинде Түркиянын аракеттери тууралуу билдирди

Алтун соцтармактан англис тилинде берген маалыматында Түркиянын Россия  -  Украина кризисинин чечилиши үчүн кылган аракетинен сөз кылды.

1795988
Фахреттин Алтун Россия  -  Украина кризисинде Түркиянын аракеттери тууралуу билдирди

 Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын Россия  -  Украина согушунда дагы көп гуманитардык трагедиянын болбошу үчүн чечүүчү жолдун табылышы керектигин айтты.

Алтун соцтармактан англис тилинде берген маалыматында Түркиянын Россия  -  Украина кризисинин чечилиши үчүн кылган аракетинен сөз кылды.

Түркиянын Россия  -  Украина согушун токтотуу үчүн жүргүзгөн дипломатиясына көңүлдөрдү бурган Алтун : «Түркиянын саясий позициясы жана дипломатиялык аракеттери аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн кызмат кылууда»,-деди.

Фахреттин Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын тынчтык дипломатиясына да көңүлдөрдү буруп : «Мындан ары гуманитардык трагедияны болтурбоо үчүн мүмкүн болушунча тезирээк чечүүчү жолдун табылышын каалайбыз», - деди.

Түркиянын ок атышпоо темасында Германия жана НАТОнун башка өнөктөштөрү менен бирдей ойдо экенин белгилеген Алтун кризисте Украинага аскердик, саясий жана гуманитардык колдоо көрсөткөндөрүн эске салды.

Президент Эрдогандын эч бир улутка пайда алып келбеген келишпестиктердин чечилиши үчүн аракетин уланта турганын билдирген Алтун, Түркиянын Украинанын жеринин бүтүндүгү жана көз карандысыздыгы жөнүндөгү позициясынын ачык экенин дагы бир жолу эске салды.



Тектеш кабарлар