Гутерриш Эрдоганга БУУнун атынан ыраазычылыгын билдирди

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө өзгөчө Орусия-Украина согушу менен аймактык жана эл аралык абалдар каралды.

1794650
Гутерриш Эрдоганга БУУнун атынан ыраазычылыгын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө өзгөчө Орусия-Украина согушу менен аймактык жана эл аралык абалдар каралды.

Президент Эрдоган Орусия-Украина согушунда ок атышпоо жана тынчтыктын кайра орношу үчүн чоң аракет кылып жаткандарын, ошондой эле гуманитардык жардам жана эвакуация боюнча да катуу аракет кылгандарын айтты.

Гутерриш болсо президент Эрдоганга Орусия менен Украинанын ортосунда арачылык кылуу аракети, тынчтыкка салым кошуу аракети жана дипломатиялык аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар