Чавушоглу АДФде жаштар менен жолугушту

Чавушоглу Анталья Дипломатия форумунун (АДФ) алкагында уюштурулган Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) сессиясында жаштардын суроолоруна жооп берди.

1794439
Чавушоглу АДФде жаштар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өлкөлөрдүн күчү экономика, аскердик, маданият, искусство, илим жана билим берүү сыяктуу тармактардагы күчү менен өлчөнгөнүн айтты.

Чавушоглу Анталья Дипломатия форумунун (АДФ) алкагында АДФ жаштары темасында уюштурулган Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) сессиясында жаштардын суроолоруна жооп берди.

Чавушоглу өлкөлөрдүн күчү экономика, аскердик, маданият, искусство, илим жана билим берүү сыяктуу тармактардагы күчү менен өлчөнгөнүн белгилеп, булардын маанисине басым жасады.

Эл аралык мамилелерде катуу жана жумшак күч деген түшүнүктөр бар экенин эске салган Чавушоглу, Тышкы иштер министрлигинен тышкары Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин төрагалыгы (ТИКА), Юнус Эмре институту, Түрк аба жолдору жана Кызылай сыяктуу мекемелердин Түркиянын жумшак күчү үчүн мисал боло ала турган мекемелер экенин белгиледи.

Чавушоглу: «Менин оюмча, бир өлкөнүн туруктуу күчү - анын жумшак күчү»,-деп өз баасын берди.

Түркиянын жумшак күчүндө түрк сериалдарынын маанилүү орду бар экенин баса белгилеген Чавушоглу, түрк сериалдарынын дүйнөнүн бардык жеринде көрүлгөнүн белгиледи.

Маданий дипломатияга ишенгендерин жана анын пайдасын көргөндөрүн түшүндүргөн Чавушоглу: «Биз искусство чеберлерибиздин, сүрөтчүлөрүбүздүн, музыканттарыбыздын, маданияттын ар бир тармагында ийгиликтерге жетишкен досторубуздун чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн материалдык жана моралдык жактан колдойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар