"Улуттук согуштук учактын" жаңы анимациясы жарыяланды

Түрк коргоо өнөр жайынын эң маанилүү долбоорлорунун бири болгон согуштук учактын 2023-жылдын 18-мартында ангардан чыгышы күтүлүүдө.

1792444
"Улуттук согуштук учактын" жаңы анимациясы жарыяланды

Түркиянын аэрокосмостук өнөр жайы (TUSAŞ), 2023-жылдын 18-мартында ангардан чыга турган Улуттук согуштук учактын (MMU) жаңы анимациясын жарыялады.

TUSAŞтын социалдык тармактагы баракчаларынан «Эгемендүүлүк жана келечек үчүн асманда зымырап учат» деген хэштеги менен согуштук учактын жөндөмдөрүн көрсөткөн 2 мүнөттүк жаңы анимациялык тасма бөлүшүлдү.

Түрк коргоо өнөр жайынын эң маанилүү долбоорлорунун бири болгон согуштук учактын 2023-жылдын 18-мартында ангардан чыгышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар