Эрдоган: «Аймагыбызда тынчтыкта жанаша жашоо маданиятын кайра орнотуу биздин колубузда»

Түркияга расмий сапар менен келген Израилдин президенти Ицхак Герцогду президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алган Эрдоган кесиптеши менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

1792752
Эрдоган: «Аймагыбызда тынчтыкта жанаша жашоо маданиятын кайра орнотуу биздин колубузда»
israil cmhbşk Türkiye-de.jpg
Herzog Erdogan

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Израиль менен орток максатынын саясий диалогду кайра жандандыруу экенин айтты.

Түркияга расмий сапар менен келген Израилдин президенти Ицхак Герцогду президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алган Эрдоган кесиптеши менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында президент Эрдоган, Герцогдун бул тарыхый сапарынын Түркия-Израиль карым-катнаштарында жаңы баскыч боло турганына ишенимин билдирди.

Түркиянын Израиль менен орток максатынын эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык жана өз ара сезимталдыкты урматтоого негизделген саясий диалогдун жандануусу экенин баса белгилеген Эрдоган: «Аймагыбызда тынчтык, бейпилдик жана жанаша жашоо маданиятынын кайра орношуна салым кошуу биздин колубузда»,-деди.

Түркия-Израиль карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшү жана чыңдалышынын эки өлкө менен бирге аймактык ырааттуулук жана тынчтык үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген Эрдоган:«Палестина маселеси боюнча сезимталдыктарыбызды ачык бөлүштүк жана эки мамлекеттүү чечимге маани бергенибизди айттык»,-деди.

Жолугушууда Түркиянын Кудстун тарыхый статусун жана Месжид-и Аксанын диний өзгөчөлүгүн жана ыйыктыгын сактоого маани бергенин баса белгилеген Президент, «Алдыдагы мезгил эки тараптуу мамилелерде аймактык кызматташтык жагынан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп ишенем»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Герцогго Израиль менен энергетика жана энергетикалык коопсуздук долбоорлорунда кызматташууга даяр экенин айтканына токтолду.

Эрдоган: «Тышкы иштер министрибиздин Палестина менен Израилге, андан кийин энергетика жана жаратылыш ресурстары министрибиздин Израилге сапарына маани беремин»,- деди.

Израилдин президенти Герцог да алардын максаты эки өлкөнүн жана алардын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү үчүн негиз салуу экенин билдирди.



Тектеш кабарлар