Акар: «Украинада ок атышуунун тез арада токтотулушун жактайбыз»

Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Аднан Өзбал менен бирге Стамбулдагы салтанатка катышты.

1790590
Акар: «Украинада ок атышуунун тез арада токтотулушун жактайбыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Украинада ок атышуунун тез арада токтотулушун жактай тургандарын айтты.

Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Аднан Өзбал менен бирге Стамбулдагы салтанатка катышты.

Акар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы окуяларды кайгы жана тынчсыздануу менен байкашкандарын, бул жерде болгон гуманитардык кризис жана өлүмдөрдүн кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Түркиянын бардык өлкөлөрдүн чек араларын жана эгемен укуктарын урматтай турганын белгилеген Акар: «Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн жана укуктарын сыйлай турганыбызды айттык жана айтабыз. Аймакка тынчтыкты жана туруктуулукту мүмкүн болушунча тез арада орнотуу үчүн жасалышы керек болгон нерселердин баары жасала берет. Акыл-эстүүлүк үстөмдүк кылышын жана өз ара диалогдун мүмкүн болушунча тезирээк өнүгүшүн каалайбыз. Ал жерде бейкүнөө, карапайым адамдардын, өзгөчө балдардын каза болушу биз үчүн терең кайгынын булагы»,-деп айтты.

Акар Орусиянын кол салуусунан улам Украинадагы түрк жарандарынын коопсуздугу жана Түркияга тез арада эвакуацияланышынын абдан маанилүү экенин белгилеп: «Булардын аткарылышы үчүн ок атышууну мүмкүн болушунча тез токтотууну жактайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар