Жамала Түркияга келди
Жамала 2 баласы менен Түркияга келгенге чейин башынан өткөн кыйынчылыктарга токтолуп : "Түркияга качкын катары келем деп ойлогон эмесмин",- деди.
Европавидение 216нын жеңиүүчүсү Крым татары Жамала Украинадагы оурс кол салууларынан улам 2 баласы менен Тгүркияга келди.
Стамбулда маалымат жыйын өткөргөн Жамала Россия - Украина согушуна байланыштуу билдирүү жасап : "Украинада күнөөсүз адамдар бомбаланууда. Киевде Украинанын чоң бир бөлүгүндө аялдар, балдар, кары - картаңдар жана жарандар тирүү калууга аракет кылышууда",- деди.
Түркияга, түрк калкына жана прзезидент Режеп Таййип Эрдоганга берген колдоосунан улам Украина калкынын атынан ыраазычылык билдирген ырчы : "Түркия кылымдардан бери болгондой эле бул процессте да адамзаттык жоопкерчилик жана абийири менен каалгаларын акырына чейин ачты",- деди.
Ырчы 2 баласы менен Түркияга келгенге чейин башынан өткөн кыйынчылыктарга токтолуп : "Түркияга качкын катары келем деп ойлогон эмесмин",- деди.
24 - февраль күнү Киевде бомба үнү менен ойгонгондорун айткан Жамала Крым татары болгон таэнесинин башка Крым татарлары сыяктуу 1944 - жылы өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болгондугун баса белгилеп, өзүнүн да ошондой жол менен өлкөсүнөн чыгууга мажбур болорун ойлобогондугун айтты.
Согуштун бүтүшү керектигин белгилеген ырчы : " Жолдошум Украинада калды. Мен бул жерге дүйнөгө үнүмдү кайрадан угузуу үчүн келдим. Анткени бул согуш бүтүшү керек. Баары бул согушту каалабагандыгын айтышы керек",- деди.