Украинадан эвакуацияланган түрк жарандары

Чавушоглу: «Жарандарыбызды коопсуз эвакуациялоо боюнча пландарыбыз уланууда».

1788224
Украинадан эвакуацияланган түрк жарандары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия-Украина согушунан улам ушул убакка чейин 8 миң 50 түрк жаранынын эвакуацияланганын кабарлады.

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө бүгүн Киев, Харьков, Одесса, Запорожье жана Львовдон Азербайжан жарандары менен бирге 2 миң 604 кишинин жолго чыкканын, ушундайча эвакуацияланган түрк жарандарынын санынын 8 миң 50 болгонун белгиледи.

Чавушоглу: «Жарандарыбызды коопсуз эвакуациялоо боюнча пландарыбыз уланууда»,-деди.

Министр Чавушоглу бир телеканалдагы билдирүүсүн да, 24-февралда башталган согуштан кийин деңиз жана аба мейкиндиктеринин жабылышынан улам Украинадагы түрк жарандарынын кургактыктан эвакуацияланышы 25-февралда башталганын, кечээ жолго чыккандар менен бирге 5 миң 850 түрк жаранынын эвакуацияланганын, 2 миң 200 жарандын болсо конвой же өз каражаттары менен өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар