Эрдоган: «Орусия менен Украинаны ок атышууну тез арада токтотууга чакырабыз»

Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Косовонун президенти Вйоса Османи-Садриу менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Президенттик комплексте өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1788007
Эрдоган: «Орусия менен Украинаны ок атышууну тез арада токтотууга чакырабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия менен Украинаны ок атышууну тез арада токтотууга чакырды.

Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Косовонун президенти Вйоса Османи-Садриу менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Президенттик комплексте өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Орусия-Украина кризисине токтолуп: «Биздин аймактагы жана анын чегинен тышкаркы бардык актерлор аймактык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү биринчи планга алып чыгышы абдан маанилүү. Биздин Орусияга да, Украинага да чакырыгыбыз ок атышууну тез арада токтотуп, бул жерде Орусия менен Украина дүйнөлүк тынчтыкка жакшы салым кошушсун»,-деди.

Эрдоган Украинанын Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуу аракетине байланыштуу: «Украинаны Европа Биримдигине алуу аракетин жогору баалайбыз. Бирок мен бул Евробиримдиктин мүчөлөрүнө айтам, эмне үчүн дагы эле Түркияны Евробиримдикке алуудан кооптонуп жатасыздар. Украинага карата кандай сезимталдыкты көрсөтсөңүз, Түркияга да ошондой сезимталдыкты көрсөтүңүз. Же кимдир-бирөө кол салганда гана Түркияны күн тартипке аласызбы?»-деп айтты.

Президент Эрдоган Косовонун НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу, «Биз Косовону таануу баскычында кадамдарды жасайбыз жана Косовону НАТОнун мүчөсү катары тааныйбыз. Биз НАТОнун кеңейүүсү пайдалуу болорун ар дайым коргоп келгенбиз жана бүгүн да аны коргоп жатабыз. Бул кадамдарды жасап жатып, муну дүйнөлүк тынчтык үчүн каалайбыз»,-деп айтты.

Косовонун президенти Османи да: « Биздин эң маанилүү өнөктөшүбүз Түркия Республикасы бизден эч качан жүз бурган эмес”,-деди.

Османи өлкөсүнүн НАТОго кирүү мезгилинин да келгенин айтты.



Тектеш кабарлар