Чавушоглу: «Операция эмес, согушка айланды»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жеке телеканалда күн тартибине баа берди.

1786772
Чавушоглу: «Операция эмес, согушка айланды»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-февралда орус аскерлеринин Украинага кириши тууралуу:«Азыр ал согушка айланып кетти. Бул шарттарда биз албетте Монтрё келишимин ишке ашырабыз»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу жеке телеканалда күн тартибине баа берди.

Украинанын Монтрё кысыктар конвенциясына байланыштуу Түркиядан талабы туурасында суралган суроого Чавушоглу, Конвенциянын деңиз жээгиндеги жана жээктеш эмес өлкөлөрдүн согуштук кемелеринин кысыктардан өтүшү жана Кара деңизде болушу, ошондой эле убакыт жана чектерге байланыштуу эрежелерди ачык түрдө камтыганын айтты.

Чавушоглу Түркиянын бүгүнкү күнгө чейин Монтрё конвенциясын толук аткарганын түшүндүрүп:«Катышпаган согуш болгон учурда Түркия Босфорду согушка катышкан өлкөлөрдүн кемелеринин өтүшүнө жаап коюшу мүмкүн. Монтре конвенциясынын 19-беренеси ачык (так) ачык»,-деди.

Чавушоглу акыркы абалдардын «согуш, кагылышуу же операция» деп мүнөздөлүшүнө байланыштуу: «Башында Орусия тараптан кол салуу болгон. Бирок биз эксперттерибиз, жоокерлерибиз жана юристтерибиз менен бааладык. Азыр өзгөчө көп шаарларда бул согушка айланып кеткени байкалууда. Башкача айтканда, көчөдөгү кагылышууда тараптардын ортосунда согушка айланып кетти.. /•••/. Бул аскердик операция эмес, бул убактылуу абадан жасалган бир-эки чабуул эмес, азыр өлкөдө расмий согуш абалы бар»,-деп айтты.

Чавушоглу ошондой эле Монтрё конвенциясынын 19-беренесинде согушка катышкан өлкөлөрдүн кемелеринин өтүшүнө бир өзгөчөлүк каралганын белгилеп: «Эгер согуштук кеме согушка катышкан өлкөнүн өз базасына, анын портуна, базага бара турган болсо, анда бул өтүүнү токтотуу мүмкүн эмес. Бул жерде ал жалпы эрежеден бир өзгөчөлүк алып келет»,-деп маалымдоо жасады.

Процесстин ачык болушу керектигин баса белгилеген Чавушоглу, Орусиянын Кара деңиздеги базаларына байланышкан кемелеринин Жер Ортолук деңизде болгонун эске салды.

Мевлүт Чавушоглу: «Албетте, бул жерде эч кандай кыянаттык болбошу керек. Мен «базага барам, кемемди якорун ошол жерге түшүрөм» деп коюп. Босфордон өткөндөн кийин согушка тартылбашы керек. Монтренун бардык жоболорун ушундай жол менен, ачык-айкын ишке ашырабыз»,-деп түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар