Украинадан чыга турган түрк жарандарына карата маалымат

Украинадан чыга турган түрк жарандарынын кургак жол аркылуу өтүүлөрүнө байланышуу жаңы маалыматтар жарыяланды.

1785994
Украинадан чыга турган түрк жарандарына карата маалымат

Россиянын 24 -  февралдан бери келе жаткан кол салууларынан улам Украинадан чыга турган түрк жарандарынын кургак жол аркылуу өтүүлөрүнө байланышуу жаңы маалыматтар жарыяланды. 

Тышкы иштер министрлигинин орун басары Явуз Селим Кыран твиттерден берген маалыматында айрым өлкөлөрдүн Украинадан  чыгып кургак жол аркылуу Түркияга кайтууну каалаган түрк жарадарына карата кургактык чек арасындагы процедураларды жаңылагандыгын белгиледи. 

Ушга ылайык Украинадан кургак жол аркылуу чыга турган түрк жарандары чек ара капкаларынан Польша, Молдова жана Словакияга паспорт же өздүк карталары менен визасыз өтө алышат. Түрк жарандары Румыния, Венгрия жана Болгарияга да паспорт менен визасыз кире алышат. 

Болгария, Венгрия, Молдова, Польша, Румыния жана Словакия Украинадан келген түрк жарандарынан ПЦР тестин жана Ковид -  19 эмдөө сертификатын талап кылбайт.

Бир тараптан Венгриянын Анкара элчиси Виктор Матис Украинадан чыгып, кургак жол аркылуу   кетүүнү каалаган түрк жарандарына карата өлкөсүнүн иш - аракеттери тууралуу маалымат берди. Матис : "Биздин айыбыздан эч бир түрк жараны коркунучка кабылбайт",- деди. 

Бир тараптан Тышкы иштер министрлигинин уюштуруусу менен Молдовадан эвакуацияланган бир группа автобус менен Түркияга келди.

Россиянын Украинага кол салуусу жараткан тынчсыздануу жана Молдовага болгон миграция толкунунан улам түрк инвесторунун заводунда иштеген башкаруучулар  эвакуация үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды. 

Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада долбоордун алкагында Молдовага барган 31 кишилик топтун эвакуацияланышын уюштуруп, Румыния жана Болгария аркылуу өтүүсүнө шарт түздү.

Хамзабейли чек ара капкасынан Түркияга кирген жарандар процедуралардын аяктагандан киийн автобус менен Стамбулга карай жолго чыгышты. 

 

 



Тектеш кабарлар