Президент Эрдоган "Ок атышпоо үчүн аракет кылып жатабыз"

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1786073
Президент Эрдоган "Ок атышпоо үчүн аракет кылып жатабыз"

Украинанын президенти Виладимир Зеленский менен сүйлөшкөн  президент Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын мындан ары дагы зыян тартпашы үчүн ок атышпоонун тез арада жарыяланышына карата  аракет кылып жаткандарын айтты.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүндө  Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана акыркы абалдар каралды. 

Президент Эрдоган Россиянын кол салуусунда каза болгон Украина жарандарына көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады.

Эрдоган дагы адам өлүмүнө жол бербөө жана Украинага дагы зыян келтирбөө үчүн мүмкүн болушунча тез арада ок атышпоо жарыяланышы үчүн аракет кылып жаткандарын айтты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар