Түрк Кызылайы Украинага жардам жиберүүдө

Жардам кербенинин бүгүн Украинага өтүшүнүн пландалганы белгиленди.

1785411
Түрк Кызылайы Украинага жардам жиберүүдө

Түрк Кызылайы Украинадагы чукул гуманитардык муктаждыктар үчүн аймакка гуманитардык жардам кербенин жөнөтүүдө.

Түрк Кызылайынан берилген билдирүүдө, Украина Кызыл Крестинин  ортого чыккан гуманитардык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн Түрк Кызылайынан жардам суранышы менен ичинде  210 чарчы метрдик  жалпы максаттагы чатырларды, үй  - бүлөлөр үчүн  керебеттер, жууркан - төшөктөр, балдардын жууркандары, уктоочу баштыктары сыяктуу чукул жардам материалдарынын даяр абалга алып келингендиги белгиленди.  

Билдирүүдө сөз болуп жаткан жардам кербенинин бүгүн Украинага өтүшүнүн пландалганы белгиленди.

Түрк Кызылайынын төрагасы  Кынык социалдык медиа эсебинен : "Кызылай тобубуз   кампа чатырлары, үйлөрүн таштап кеткен адамдар үчүн баш калкалоочу чатырлар жана эвакуацияланган жарандарыбызга колдоо көрсөтө турган мобилдик тамак - аш унаалары менен аймакка бара жатат",- деди.  

 

 



Тектеш кабарлар