Түркия Россиянын чечиминин кабыл алынбай тургандыгын билдирди

Тышкы иштер министрлиги акыркы кырдаалга ылайык түрк жарандарына Украинанын чыгыш аймактарынан чыгууну сунуштады.

1782522
Түркия Россиянын чечиминин кабыл алынбай тургандыгын билдирди

Түркия Россиянын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечиминин кабыл алынгыс деп тапканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Россия Федерациясынын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечими Минск келишимдерине тескери болгондой эле Украинанын саясий биримдигин, эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн ачыкча бузуу деген мааниге келгендиги белгиленди. 

Билдирүүдө булар айтылды : "Биз Россиянын сөз болуп жаткан чечимин кабыл алынгыс деп таптык жана четке кагабыз. Буга байланыштуу  Украинанын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоого берилгендигибизди баса белгилеп, бардык кызыкдар тараптарды акыл - эстүүлүккө жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырабыз".

Тышкы иштер министрлиги акыркы кырдаалга ылайык түрк жарандарына Украинанын чыгыш аймактарынан чыгууну сунуштады.

 



Тектеш кабарлар