Эрдоган: «Биз тараптарды акыл-эстүүлүккө жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырабыз»

Эрдоган Конго Демократиялык Республикасынан Сенегалга бараткан учакта журналисттер менен баарлашты.

1782924
Эрдоган: «Биз тараптарды акыл-эстүүлүккө жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «(Орусиянын Донецк менен Луганскты таануусу деп аталган) Биз тараптарды акыл-эстүүлүккө жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырабыз»,-деди.

Эрдоган Конго Демократиялык Республикасынан Сенегалга бараткан учакта журналисттер менен баарлашты.

Түркиянын Орусия-Украина кризисиндеги чыңалууну азайтуу үчүн эң башынан бери чын жүрөктөн аракет кылганын билдирген Президент:«Биз кризистин чечилишине байланыштуу билдирүүлөрүбүздү ачык айттык. Тышкы иштер министрлигибиздин акыркы окуяларга байланыштуу билдирүүсүндө Орусиянын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечими Минскке келишимдерине каршы экени айтылды. Бул чечим Украинанын саясий биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн ачык бузуу болуп эсептелери баса белгиленди»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Чечимди кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Тараптарды акыл-эске жана эл аралык мыйзамдарга баш ийүүгө чакырабыз. Биз Кара деңиздеги өлкө болгондуктан, көптөгөн иш-чара пакеттери түзүлүшү керек. Биз бул чараларды көрүп жатабыз, кабыл алдык»,- деди.

Эрдоган,Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши-Түркия-Германия биргелешкен саммити сунушу тууралуу, «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү да, башка өлкөлөр да макул болушса, биз бул жыйында өз ордубузду алабыз»,-деп өз пикирин айтты.



Тектеш кабарлар