Түркия Сомалидеги жанкечтилик кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Беледуэйнедеги жанкечтилик кол салууда эң аз 10 кишинин каза болгону, 15тен ашуун кишинин жараланганы кайгыруу менен белгиленди.

1781539
Түркия Сомалидеги жанкечтилик кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин Беледуэйне шаарындагы кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Беледуэйнедеги жанкечтилик кол салууда эң аз 10 кишинин каза болгону, 15тен ашуун кишинин жараланганы кайгыруу менен белгиленди.

Билдирүүдө: «Өлкөдө шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратуу үчүн акыркы убакта күчөгөн жийиркеничтүү террордук кол салууларды катуу айыптайбыз. Дос жана боордош Сомалинин өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз,  каза болгондорго Аллахтан ырайым тилейбиз жана жаракат алгандардын тез айыгып кетишин каалайбыз»,делди.

Билдирүүдө Түркиянын террор менен күрөшүүдө Сомалинин жанында болушун уланта турганы баса белгиленди.

Кечээ Сомалинин Беледуэйне шаарындагы кафеде жанкечтинин жардыруусунан кеминде 10 кишинин, негизинен карапайым тургундардын набыт болгону жарыяланды.

Жардыруу болгон Беледуэйне шаарында парламенттик шайлоого даярдыктар көрүлүп жаткан.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти террордук уюм Аль-Шабаб алды.



Тектеш кабарлар