Акар: «Террор менен күрөшүүдө Ирак менен бирдей пикирдебиз»

Акар Германиядагы Мюнхен коопсуздук конференциясына катышкандан кийин журналисттерге баа берди.

1781597
Акар: «Террор менен күрөшүүдө Ирак менен бирдей пикирдебиз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын борбордук жана аймактык өкмөт өкүлдөрү менен болгон жолугушууларына байланыштуу, «Терроризм менен күрөшүү жана андан тез арада кутулуу боюнча баарыбыз бир пикирдебиз»,- деди.

Акар Германиядагы Мюнхен коопсуздук конференциясына катышкандан кийин журналисттерге баа берди.

Сирия жана Ирактын түндүгүндө террористтердин бар экендигине көңүлдөрдү бурган Акар: «Айрыкча Сириянын түндүгүндө акыркы жылдарда террористтер террор коридорун түзүүнү каалашкан. Биз керектүү күрөштү жүргүзүп Мехметчинин (түрк аскери) эрдиги жана жан аябастыгы менен террор коридорун жардык»,-деди.

Акарга Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзани жана Ирактын премьер-министри Месрур Барзани менен болгон жолугушууларын эске салынып, «Террор менен күрөшүү боюнча бул сүйлөшүүлөрдүн чагылышын талаада көрөбүзбү?» деген суроо берилди.

«Чек арабыздын, элибиздин жана мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Мындан эч ким күмөн санабашы керек»,-деп айткан Акар:«Биздин ал жерде кандайдыр бир жол менен иш алып барышыбыз коңшуларыбызды сыйлабагандык эмес. Тескерисинче, биз ал жакка жардам берели деп жатабыз. Тартипти, тынчтыкты, бейпилдик жана бакубаттыкты бузган бул террордук элементтерди мүмкүн болушунча тез арада жок кылуу үчүн аракет кылуудабыз. Бул жагынан алганда, биз тышкы иштер министри Хусейн, КР президенти Нечирван Барзани жана КР премьер-министри Месрур Барзани менен болгон жолугушууларыбызда бул маселе боюнча бирдей пикирдебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар