Түркияда бактылуу адамдардын саны көбөйдү

Түркиянын статистикалык мекемеси, 2021-жылга карата «Жашоодон канааттануу изилдөөсүнүн» жыйынтыгын жарыялады.

1780378
Түркияда бактылуу адамдардын саны көбөйдү

Түркияда бактылуумун дегендердин саны өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) 2021-жылга карата «Жашоодон канааттануу изилдөөсүнүн» жыйынтыгын жарыялады.

Буга караганда, бактылуумун деп билдирген 18 жаштан жогоркулардын көрсөткүчү 2020-жылы 48,2 пайызды түзсө, 2021-жылы 49,3 пайыз болду.

Бактысызмын деп билдирген адамдардын саны болсо 2020-жылы 14,5 пайызды, 2021-жылы 16,6 пайызды түздү.

Ал эми бактылуумун деп билдирген эркектердин көрсөткүчү 2020-жылы 43,2 пайыз, өткөн жылы 43,9 пайыз болду.

Аялдар үчүн бул көрсөткүч 2020-жылы 53,1 пайызды, 2021-жылы 54,6 пайызды түздү.

Үй-бүлөлүү адамдардын бойдокторго караганда бактылуураак экени байкалды.

2021-жылы бактылуумун деген үй-бүлөлүү адамдардын көрсөткүчү 54 пайыз, бойдоктардо бул көрсөткүч 40,1 пайыз болду.

Үй-бүлөлүүлөрдүн бактылуулук деңгээли жынысы боюнча анализделгенде үй-бүлөлүү эркектердин 48,9 пайызы, никеси бар аялдардын 58,8 пайызы бактылуу экени байкалды.



Тектеш кабарлар