Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Террор менен күрөшүү тууралуу Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги акыркы маалыматтарын бөлүшүштү.

1777701
Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында аныкталган 4 ПКК террористи ок атуучу жардам куралдары менен жок кылынды»,деген маалыматтар камтылган.

Терроризмге каршы күрөш өлкө ичинде да уланууда.

Ички иштер министрлиги тарабынан Сииртте 545 коопсуздук кызматкеринин катышуусунда «Эрен Кыш-24 шейит жандармериянын кенже офицери улук сержант Эркан Ялчын» операциясы башталды.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан «Эрен Кыш» операциялары элибиздин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланууда»,-делди.



Тектеш кабарлар