Эрдоган Дүйнөлүк радио күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады
Президент Эрдоган билдирүүсүн Твиттер баракчасынан жарыялады.
1777812
![Эрдоган Дүйнөлүк радио күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b47d/0a6b/8ffa/6208f9cc09950.jpg?time=1718834741)
Президент Режеп Таййип Эрдоган радио коомчулугунун жана радио кызматкерлеринин Дүйнөлүк радио күнүн белгиледи.
Президент Эрдоган Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө,«Күндүн ар бир саатында, жашоонун бардык тармагында, өлкөбүздүн ар бир бурчунда миллиондогон адамдарга кызмат көрсөткөн биздин радио коомчулугубузду жана радио кызматкерлери бир туугандарымды 13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү менен куттуктайм», деген сөздөргө орун берди.
Эрдоган өз бөлүшүүсүнө Стамбулдагы Чамлыжа мунарасынын сүрөтүн да кошкон.