Эрдоган: «БАЭге эртеңки сапарым эки өлкөнүн кызматташтыгынын дагы да бекемделишине өбөлгө болот»

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмираттарында жарык көргөн Khaleej Times гезитинин Түркия атайын тиркемеси үчүн макала жазды.

1777745
Эрдоган: «БАЭге эртеңки сапарым эки өлкөнүн кызматташтыгынын дагы да бекемделишине өбөлгө болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) эртеңки сапарынын эки өлкөнүн кызматташтыгынын дагы да бекемделишине өбөлгө болоорун айтты.

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмираттарында жарык көргөн Khaleej Times гезитинин Түркия атайын тиркемеси үчүн макала жазды.

Өз макаласында аймактын эки өлкөсү катары кызматташууга карай мамилелердин өнүгүшүнө ыраазы экенин баса белгилеп, «Эки өлкөнүн кызматташуу багыттарынын көбөйүшү биздин аймакка оң таасирин тийгизет деп ишенем»,- деди.

Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, алдыдагы жылдарда муну эки эсеге көбөйтүүнү максат кылгандарын айтты.

Түркия менен БАЭнин биргелешип аймактык тынчтыкка, кызматташтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө салым кошо ала турганын баса белгилеген Эрдоган, эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүү аракетинин глобалдык деңгээлдеги ырааттуулукка да салым кошо турганын айтты.

«Менин БАЭге болгон сапарым эки өлкөнүн достугуна маани бергенибизди гана көрсөтпөстөн, кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрүүгө шарт түзөт»,-деп айткан президент Эрдоган, Түркия менен БАЭнин ортосундагы энергетика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, логистика, инфраструктура, каржы, туризм менен бирге климаттын өзгөрүшү, энергетика, суу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташтыкты алдыга жылдырууну максат кылгандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар