Түркия Сомалидеги террордук кол салууларды айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишо жана Бараве,  Босасо шаарларындагы террордук кол салууларды катуу айыптады.

1776774
Түркия Сомалидеги  террордук кол салууларды айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишо жана Бараве,  Босасо шаарларындагы террордук кол салууларды катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Сомалинин Бараве, Босасо жана Могадишо шаарларында 9  - 10 - февралда болгон үч башка жардыруудан кеминде 11 кишинин каза болгону, 25тен ашуун кишинин жараланганы билдирилди",- деп маалымдалды. 

Билдирүүдө бул террордук кол салуу катуу айыпталып, Сомали калкы менен өкмөтүнө көңүл айтылды. 

Кол салууларда каза болгондорго Аллахтан кайрымдуулук, жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланган билдирүүдө Түркиянын террор менен күрөшүндө Сомалинин жанында болууну улантары баса белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар