Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн жумушун баштайт

Бул тууралуу президенттикин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун билдирди.

1776813
Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн жумушун баштайт

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун  коронавирустан улам карантиндеги президент Эрдогандын бүгүн жумушун баштай тургандыгын билдирди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын Ковид  - 19 тестинин жыйынтыгынын негатив чыккандыгына байланыштуу твиттерден маалымат берди.

Президент Эрдогандын кыска убакытта ден соолугунун калыбына келгендигин белгилеген Алтун : «Президентибиз Аллахтын уруксаты жана ырайымы менен  дуалардын күчү менен ишин калган жеринен улантат. Аллах президентибизди сактасын»,- деди.



Тектеш кабарлар