Президент Эрдоган Ковид - 19 процесси тууралуу билдирди
Президент Р. Т. Эрдоган өткөн жумада жуктурган коронавирус процессин жеңил өткөргөнүн айтты.
1777286
Президент Р. Т. Эрдоган өткөн жумада жуктурган коронавирус процессин жеңил өткөргөнүн айтты.
Президент Эрдоган Стамбулда журналисттерге берген маалыматында : "Бул процессти жеңил - желпи өткөрдүм. Албетте мында вакцинанын пайдасы болду. Мен 2 Синовак, 3 Biontech алдым. Бул процесстин жүрүшүндө менде эч кандай оору, чарчоо болгон жок мен да иштеримдин баарынүйдөн жүргүздүм",- деди.
Эрдоган жубайы Эмине Эрдогандын ден соолугу тууралуу да : "Жубайым азырынча айыга элек. Азыркы учурда чараларды колдонууда. Буюрса дүйшөмбү күнгө чейин айыгат",- деди.