"Эрен Кыш-22" операциясы башталды

Терроризмге каршы күрөш чек аранын ичинде жана тышында үзгүлтүксүз уланууда.

1777155
"Эрен Кыш-22" операциясы башталды

Диярбакырда "Эрен Кыш-22" шейит жандармерия аскери Федай Эфе операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, терроризмге каршы күрөш чек аранын ичинде жана тышында үзгүлтүксүз уланууда.

Ушул алкакта Диярбакырда "Эрен Кыш-22" шейит жандармерия аскери Федай Эфе операциясы башталды.

Операцияга Жандармерия командирлиги, Жандармериянын атайын операциялары, Полициянын атайын операциялары жана коопсуздукту коргоочу десанттардан турган 1280 персонал менен 82 ыкчам топ катышууда.

Ички иштер министрлигинин координациясында 2021-жылдын 7-ноябрында башталган "Эрен-Кыш" операцияларында ушул убакка чейин жалпы 20 террорист таасирсиз кылынып 350 бункер, кампа жана баш калкалоочу жай жок кылынды.


Этикеткалар: #"Эрен Кыш-22" шейит

Тектеш кабарлар