Террорго каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, террористтердин "Тынчтык булагы" аймагына кирүүгө аракет кылганы кабарланды.
1774596
Сириядагы "Тынчтык булагы" аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө эки террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, террористтердин "Тынчтык булагы" аймагына кирүүгө аракет кылгандары белгиленди.
Билдирүүдө: «Тынчтык булагы аймагына кирүүгө аракет кылган эки ПКК/ЙПГ террористи баатыр десанттарыбыз тарабынан таасирсиз кылынды»,-деп маалымдалды.
Бир тараптан ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалаган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан Диярбакырда «Эрен кыш-21 операциясы» башталды.
Операцияга Диярбакыр облустук жандармерия командирлигине караштуу десанттардан турган 400 персонал катышууда.