Президент Режеп Таййип Эрдоган Ковид - 19 жуктурду

Президент Эрдоган твиттерден берген маалыматында жубайы  Эмине Эрдоган менен бирдикте жасаткан Ковид - 19  тестинин позитив чыккандыгын белгиледи.

1773931
Президент Режеп Таййип Эрдоган  Ковид  - 19  жуктурду

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы тип короанвирус Ковид  - 19  тестинин позитив чыккандыгын жарыялады. Эрдоган : "Ишибиздин башындабыз. Ишими үйдөн улантам",- деди. 

Президент Эрдоган твиттерден берген маалыматында жубайы  Эмине Эрдоган менен бирдикте жасаткан Ковид - 19  тестинин позитив чыккандыгын белгиледи. 

Эрдоган  билдирүүсүндө буларды белгиледи : "Жеңил белгилердин чыгышы менен жубайым менен бирге жасаткан Ковид  - 19 тестибиздин жыйынтыгы позитив чыкты. Омикрон  варианты чыкты, жеңил өткөрүп жатабыз. Ишимин башындамын. Иштеримди  үйдөн улантам. Дуаларыңызды  күтөбүз".

 

 



Тектеш кабарлар