Түркия-Армения сүйлөшүүлөрү

Экинчи жолугушуу 24-февралда Венада өткөрүлөт.

1773217
Түркия-Армения сүйлөшүүлөрү

Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессинин алкагында эки өлкөнүн атайын өкүлдөрүнүн экинчи жолугушуусу 24-февралда Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессинин алкагында эки өлкөнүн атайын өкүлдөрү элчи Сердар Кылыч менен Армения парламентинин төрагасынын орун басары Рубен Рубиняндын кийинки жолугушуусу 24-февралда Венада өткөрүлөт»,-деп маалымдалды.

Кылыч менен Рубиняндын ортосунда нормалдашуу процессинин алкагында биринчи жолугушуу 14-январда Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар