Алтун Эрдогандын Украина сапарына баа берди

Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина сапарына байланыштуу Bloomberg маалымат агенттигине билдирүү жасады.

1773032
Алтун Эрдогандын Украина сапарына баа берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын Украина жана Орусия менен да жакшы карым-катнаштары бар экенине көңүл буруп: «Эки өлкө менен болгон тыгыз диалогубуздан пайда алып, тараптар кааласа, алардын ортосундагы диалогду жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн өз салымыбызды кошууга даярбыз»,-деди.

Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина сапарына байланыштуу Bloomberg маалымат агенттигине билдирүү жасады.

Алтун, Түркиянын Украина-Орусия кризисинде ортомчулук аракетине байланыштуу, «Бул маселе боюнча маектештерибиздин жоопторун конкреттүү бир чечимге келмейинче коомчулук менен бөлүшпөйбүз. Түркия катары бул маселеге байланыштуу ниетибиздин түз экенин эки тарап тең жакшы билишет»,деген баасын берди.

Түркиянын Украина жана Орусия менен өз ара урматтоо жана орток кызыкчылыктарга кызмат кылган кызматташтыкты курганына көңүл бурган Фахреттин Алтун: «Эки өлкө менен болгон тыгыз диалогубуздан пайдаланып, тараптар кааласа, алардын ортосундагы диалогду жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн өз салымыбызды кошууга даярбыз. Биз ортомчулук, көмөктөшүү же сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сыяктуу бардык варианттарды сунуштайбыз»,-деп айтты.

Орусия жана Украина менен болгон карым – катнаштардын бири-бирине альтернатива эмес экенин баса белгилеген Алтун, кызматташтыктын үчүнчү тараптарга каршы эмес экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар