Акар: «Кыш бүркүтү операциясында террористтердин уюктары жана үңкүрлөрү талкаланды»

Акар борбор калаа Анкарадагы Аба күчтөрү командирлигинин штабында билдирүү жасады.

1772184
Акар: «Кыш бүркүтү операциясында террористтердин уюктары жана үңкүрлөрү талкаланды»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Кыш бүркүтү» операциясы менен террористтердин дагы бир жолу Түрк куралдуу күчтөрүнүн демин желкесинде сезгенин айтты.

Акар борбор калаа Анкарадагы Аба күчтөрү командирлигинин штабында жасаган билдирүүсүндө, ​​Ирактын түндүгүндө жана Сирияда террористтер тарабынан база катары колдонулган Дерик, Синжар жана Каражак аймактарында учактар террордук уюмга таандык буталарга сокку ургандан кийин кызматкерлерге кайрылып: «Кыш бүркүтү» операциясын ийгиликтүү аяктадык»,-деди.

 «Максатыбыз 84 миллион жараныбыздын жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу»,-деген Акар: «Ушул алкакта Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга каршы жүргүзүлгөн операция кылдаттык менен пландаштырылып, ийгиликтүү ишке ашырылды. Бардык операцияларыбызда болгондой эле пландоодо да, аткарууда да күнөөсүз адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн керектүү чараларды көрдүк жана ошого жараша операцияны ишке ашырдык.

Террорчулардын баш калкалоочу жайлары, бункерлери, үңкүрлөрү, туннелдери, кампалары, машыгуу борборлору жана штабдары бутага алынды. Бир гана террористтер жана террористтерге тиешелүү жайлар бутага алынды. Террорчулардын баш калкалоочу жайлары, бункерлери жана үңкүрлөрү талкаланды. Террорчулар дагы бир жолу Түрк куралдуу күчтөрүнүн демин желкесинде сезишти. Террордук уюмдун кыйрашы тездеди. Жалган лидерлери муну түшүнүштү жана адилеттикке багынышат деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын баса белгилеген Акар: «Кыш бүркүтү» операциясында көптөгөн террористтер жок кылынды. Жыйынтыктарды жакындан байкап жатабыз, операцияга байланыштуу так маалыматтарды жакынкы сааттарда, күндөрдө чалгындоо каналдары жана башка каналдар аркылуу алабыз»,-деп айтты.

Акар бул операциянын негизинде Террористтердин тизмесиндеги ар бир категориядагы көптөгөн террористтин жок кылынганына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар