Эрдоган: «Биз өлкөбүзгө көптөгөн мыкты иштерди жана кызматтарды алып келдик»

Эрдоган Трабзондогу «Массалык ачылыш аземине» катышты.

1770463
Эрдоган: «Биз өлкөбүзгө көптөгөн мыкты иштерди жана кызматтарды алып келдик»
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз өлкөбүзгө көптөгөн мыкты иштерди жана кызматтарды алып келдик»,-деди.

Эрдоган Трабзондогу «Массалык ачылыш аземине» катышты.

Президент Трабзондун ар бир районун камтыган билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына көптөгөн инвестициянын расмий ачылышын жасагандарын айтып: «Кара деңиздин локомотив шаары Трабзон тикесинен тик турса бүт Түркия турат. Трабзон илгерилесе бүт Түркия илгерилейт, Трабзон өсүп өнүксө бүт Түркия бул жолдо баратат дегенди билдирет»,-деп айтты.

Эрдоган: «Он жыл мурун 2023-жылга карата максаттарыбызды өлкөбүзгө жарыялаганбыз. Ошондой эле өлкөбүзгө көптөгөн чоң иштерди жана кызматтарды алып келдик. 2053-жылга карата көз карашыбызды да күн тартибине алып чыктык. Улутубузга берген ар бир убадабызды аткаргандан сайын чекти өз колубуз менен  көтөрүп жаттык. Биз саламаттыкты сактоо инфраструктурабызды оорукана шаарчалырыбыз менен өнүккөн өлкөлөрдөн алдыга чыгардык, өлкөбүздү жолдор, аэропорттор менен жабдыдык»,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Трабзон облустук кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркияны тарыхындагы эң чоң инвестиция кыймылы менен тааныштырууну улантып жатабыз»,-деди.

Эрдоган: «225 миллиард доллардан ашык экспорттун рекорддук көрсөткүчүн өлкөбүздүн жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемия мезгилиндеги ийгилигинин далили деп эсептейбиз. Экспорттогу ийгилигибизди кийинки деңгээлге чыгарабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар