Түрк аба жолдору Стамбул - Нью - Йорк каттамдарын токтотту
Бул тууралуу THYнын басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн билдирди.
1770172
Түрк аба жолдору THY Стамбул - Нью - Йорк каттамдары АКШнын Нью - Йорк шаарындагы калың кар жаашынан улам токтотулду.
THYнын басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн твиттерден маалымат берип : "Нью - Йорк аймагындагы ыңгайсыз аба шарттарынан улам JFK аэропортунун 1 - терминалы каттамдарга жабык. Ушул себептен 29 - январдагы Стамбул - Нью - Йорк каттамдарыбыз кайтуу каттамдары менен бирге токтотулду",- деп билдирди.