Түркия менен Катардын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда, Шентоп-Ганим жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштары жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

1765474
Түркия менен Катардын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Катардын борбор шаары Дохада расмий жолугушууларынын алкагында Катардын Шура мажлисинин төрагасы Хасан бин Абдуллах аль-Ганим менен жолугушту.

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда, Шентоп-Ганим жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштары жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууда Түркия менен Катар парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Катардын Шура мажлисинин төрагасы Ганим бул түшүнүшүү меморандумунун эки боордош өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы карым-катнаштардын бекемделишине салым кошоорун белгиледи.

Ушундай жол менен Катар менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштардын жана кызматташтыктын жаңы горизонтторго жыла турганын белгилеген Ганим, жогоруда айтылган түшүнүшүү меморандумунун эки өлкөнүн ар башка тармактардагы терең карым – катнаштарынын чагылышы экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар