Түрк Кызылайы Суданда суу кудугун ачат

Түрк Кызылайы Судан Кызылайы менен өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Синнар штатында 6 суу кудугун ачуу үчүн келишимге кол койду.

1760347
Түрк Кызылайы Суданда суу кудугун ачат

Түрк Кызылайы Судан Кызылайы менен өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Синнар штатында 6 суу кудугун ачуу үчүн келишимге кол койду.

Синнар губернатору Ел Алим Ибрахим Нур, суусуздук  менен күрөштү улантып жатышкандарын белгилеп, казыла турган кудуктардын кээ бир айылдардын суу маселесинин чечилишине салым кошо турганын айтты.

Нур суу кудуктары, селден жабыр тарткан жана муктаж адамдарга берген жардамдарынан улам Түркия жана Түрк Кызылайына ыракмат айтты.

Түрк Кызылайынын Судан делегациясынын жетекчиси Баятлы келишимдин негизинде Синнардын Вад Иса, Хиллат Балла, Хирадан Элгандул, Батыш Алгедесиа, Хай Эззухур жана Ел Рашем аймактарында суу кудуктарын ачышарын баса белгиледи.

Аземге Синнар губернатору Ел Алим Ибрахим Нур, Судан Кызылайнын башкы секретары Афаф Ахмед Яхя, Судан Кызылайынын төрага орун басары Мухаммед Абдулхамид жана Түрк Кызылайынын Судан делегациясынын төрагасы Четин Баятлы катышты.



Тектеш кабарлар