Чавушоглу Лавров менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны, Казакстан, Босния-Герцеговина жана Кавказдагы учурдагы абал талкууланды.
1758210
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Чавушоглу менен Лавровдун сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар, НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны, Казакстан, Босния-Герцеговина жана Кавказдагы учурдагы абал талкууланды.
Чавушоглу буга чейин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Казакстандагы акыркы абалды сүйлөшкөн болчу.