Эрдоган Шольцту куттуктады

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт жазуу түрүндө билдирүүсүн жарыялады.

1750740
Эрдоган Шольцту куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын канцлери Олаф Шольцту кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Шольц менен Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

Хебестрейт: «Президент Эрдоган канцлерди ант берүү аземи менен куттуктады»,-деп айтты.

Эки лидердин «Түркия менен Германиянын ортосундагы тыгыз координацияны улантуу каалоосу боюнча макулдашкандарын» белгилеген Хебестрейт, сүйлөшүүнүн борборунда эки тараптуу карым-катнаштар жана тышкы саясат темалары болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар