Акар: «Чек араларыбыз эң катуу чаралар менен корголууда»

Министр Акар маалымат берди.

1748683
Акар: «Чек араларыбыз эң катуу чаралар менен корголууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түрк куралдуу күчтөрүнүн чек араларды эң катуу чаралар менен коргоп жатканын айтты.

Ар түрдүү программаларга катышуу үчүн Кайсериге барган Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө өзүнүн, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Ливия, Азербайжан сыяктуу достору менен бир туугандарынын да укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн күнү-түнү, тоо-түздүк, жай-кыш дебестен «Өлсөм шейит, калсам ардагер» деген түшүнүк менен күрөшүн улантып жатканын белгиледи.

Террор менен күрөштүн барган сайын артканын баса белгилеген министр Акар: «Эгемендүүлүгүбүз жана көз карандысыздыгыбыз үчүн биз чындап эле республикабыздын тарыхындагы эң курч операциялык мезгилди баштан кечирип жатабыз. Чек араларыбыз эң катуу чаралар менен корголууда»,-деди.



Тектеш кабарлар