Министр Чавушоглу Адам укуктары күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Чавушоглу, адам укуктарынын корголушу үчүн негизги кадам болгон БУУнун Адам укуктары жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 73 жылдыгын белгилеп жатышканын эске салды.

1745741
Министр Чавушоглу Адам укуктары күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйыл Адам укуктары күнүнөн улам белгилеген «Теңдик – теңсиздикти азайтуу, адам укуктарын алдыга жылдыруу» темасынын жөн гана каалоо болбошу керектигин айтты.

Чавушоглу, адам укуктарынын корголушу үчүн негизги кадам болгон БУУнун Адам укуктары жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 73 жылдыгын белгилеп жатышканын эске салып: «1948-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча туш болгон тажрыйбалар жана чакырыктар адам укуктарын коргоого жана инсандарга өз жашоосун адамдык ар-намыска ылайык жашоого мүмкүндүк берген Адам укуктарынын жалпы декларациясынын баалуулугун көрсөтөт»,-деди.

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жараткан оор шарттардын жарандарга тийгизген таасирин жоюу үчүн адам укуктарына багытталган кадамдарды таштоосун улантып жатканын белгилеген Чавушоглу: «Биз өлкөбүздө кабыл алган качкындардын жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында негизги адам укуктары бузулгандардын укуктарын коргоону улантып жатабыз. Биз «адилеттүү дүйнө үчүн» терең тамыр жайган дипломатиялык салтыбыздан алган күч менен, үстөлдө маанилүү демилгелердин түзүлүшүнө жетекчилик кылып, ошол эле учурда талаада муктаж болгондорго эффективдүү жана тез жетип жатабыз. Расизм, ксенофобия, исламга карай душмандык жана жек көрүү сөздөрү күчөгөнүндүктөн коомдук тынчтыкка жана бейпилдикке коркунуч келтирип, жарандардын эркиндигинин принциптерин бузуп жатканын, Адам Укуктары боюнча Дүйнөлүк декларация кепилдикке алган дин жана абийирге карай дискриминацияны байкап жатабыз. Биз бул тенденциялардан келип чыккан коркунучтарды айтып, алар менен күрөшүү боюнча демилгелерди көтөрүп келебиз. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары Күнүнө карата ушул жылга белгиленген «Теңдик - теңсиздикти кыскартуу, адам укуктарын өнүктүрүү» темасы жөн гана каалоо болуп калбашы керек. Бул максатка жетүү эл аралык коомчулук кызматташууну, кызматташтыкты жана жалпы жоопкерчиликти түшүнүү менен аракет кылганда гана мүмкүн болот»,-деди.



Тектеш кабарлар