Президент Эрдоган маалымат берди
Президент Эрдоган Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) биргелешкен уктуруусунда күн тартибиндеги темаларга баа берди.
![Президент Эрдоган маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8430/8bdf/b346/61a714e0a16d9.jpg?time=1718912580)
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркияга узак мөөнөттүү инвестиция салгандар ар дайым утушка ээ болушкан, мындан ары да утушат»,- деди.
Президент Эрдоган Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) биргелешкен уктуруусунда күн тартибиндеги темаларга баа берди.
Эрдоган жыл аягындагы өсүү күтүүлөрү жөнүндө: «10 пайызга жетебиз. Биздин болжолубуз 10дон кем эмес, бирок ашып кетиши мүмкүн»,-деди.
«Пайыз себеп, инфляция натыйжа» деген президент пайызды түшүрүшкөнүн, инфляциянын да төмөндөй турганын айтты.
Эрдоган: «Чет элдик инвесторлор үчүн узак мөөнөттүү инвестициялардын убагы келди. Түркияга узак мөөнөттүү инвестиция салгандар ар дайым утушка ээ болушкан, мындан ары да утушат»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718912581)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.